Улуттук искусство борборунда «International Association of SUMI» уюштурган «Чеги жок искусство» аттуу  18-Эл аралык көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

2021-жылдын 21-январында Токио шаарынын Улуттук искусство борборунда «International Association of SUMI» уюштурган «Чеги жок искусство» аттуу  18-Эл аралык көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Япониянын  Көркөм боюнча жогорку окуу жайларынын профессорлору, япониялык чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, ошондой эле искусствону сүйүүчүлөр катышты.

Көргөзмөдө дүйнөнүн 22 өлкөсүнүн 180ден ашык чыгармалары  көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын атынан 15 жаш сүрөтчүнүн чыгармалары көргөзмөгө коюлуп, анын ичинен 10 сүрөт Кыргызстандын балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары тарабынан даярдалды. Көргөзмө 2021-жылдын
1-февралына чейин уланат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK