Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапары менен келет
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2024-жылдын 22-23-апрелинде Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапары менен келет.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү орун алып, анын алкагында кыргыз-британиялык кызматташтыгынын келечеги жана перспективалары кеңири талкууланат.
Ошондой эле, Лорд Кэмерондун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулары пландалган.