Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Европа Биримдиги-Борбордук Азия 1-экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш-сапары болду

2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте болуп өткөн Европа Биримдиги-Борбордук Азия 1-экономикалык форумуна катышуу үчүн 2021-жылдын 4-5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген.

Иш сапардын алкагында ал Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Р.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев менен жолукту.

Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Европа Биримдиги-Борбордук Азия 1-экономикалык форумуна, «Европа Биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы бизнес өнөктөштүгү» бизнес форумуна катышты. Петер Сийяртонун иш сапарынын жүрүшүндө штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы да болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Р.Казакбаев П.Сийяртого ЕБ-БА 1-экономиклаык форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте бул платформа БА өлкөлөрүнүн жана ЕБдин катчылыгы менен экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн туруктуу механизми болуп калышына ишеним артты.

Тараптар ошондой эле Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин, экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин алкагындагы мындан аркы иштерди талкуулашты. Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун мындан аркы иштеши жана фонддун алкагында маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Тараптар Венгриянын WizzAir авиакомпаниясынын Будапешт-Бишкек түз аба каттамдарын ачуу маселелерин талкуулап, жакын арада түз авиакаттамдарды ачуу маселесин чечүүнү макулдашышты.

Мындан тышкары КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Р.Казакбаев менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто билим берүү тармагындагы мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Руслан Казакбаев Stipendium Hungaricum программасынын алкагында кыргызстандык студенттердин Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу квотасын 200 орунга чейин көбөйтүү чечими үчүн венгер тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Венгрия тарап кыргыз тарап менен ошондой эле орто жана кесиптик билим берүү тармагында кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Келерки жылы Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында тараптар бир катар биргелешкен иш-чараларды, Венгрияда Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн, Кыргыз Республикасындагы Венгриянын маданият күндөрүн, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү макулдашышты.

Ошондой эле КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Р.Казакбаев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто консулдук чөйрөдө мындан аркы кызматташууну, Венгрияга, Грецияга, Италияга, Испанияга, Литвага барууну көздөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Венгриянын КРдеги Элчилигинин Шенген визасын берүү жана бул тизмени кеңейтүүмаселелерин талкуулашты.

Министр П.Сийярто венгриялык тараптын Кыргызстандын жарандарынын эмдөө паспортторун таануу чечимин жарыялады. Эми эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга эркин кире алышат. Ошентип, Венгрия Евробиримдикке мүчө мамлекеттерден биринчи болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмдөө паспортторун тааныды.

Тараптар ошондой эле Вышеград тобу-Борбордук Азия форматындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Р.Казакбаевди 2022-жылдын 25-январында Будапештте боло турган В4-ЦА5 тышкы иштер министрлеринин кезектеги жолугушуусуна чакырды.

Венгриянын министри П.Сийяртонун иш сапарынын алкагында ЕБ-БА бизнес форумуна катышкан 15 венгер компаниясынын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасына келишип, Кыргыз Республикасынын бизнес өнөктөштөрү менен B2B форматында жолугушууларды өткөрүштү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Р.Казакбаев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртонун ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Венгриянын Адам ресурстары министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

2) «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК менен Будапешт фондулук биржасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK