Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргыз Республикасына расмий иш-сапары

2021-жылдын 7-8-апрелинде Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргыз Республикасына расмий иш-сапары болуп өттү. Иш-сапардын алкагында анын Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри-экономика жана финансы министри У.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти М.Шаршекеев менен жолугушуулары болуп өттү.

Кыргыз Республикасы менен Венгриянын тышкы иштер министрлери өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүү максатында КР менен Венгриянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде  Стратегиялык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашышты, анын жыйындары эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин ыкчам чечүү максатында үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турат.

Ошондой эле КР менен Венгриянын тышкы иштер министрлери ушул жылы Венгриянын Премьер-министри В.Орбандын Кыргызстанга иш-сапарын уюштуруу, регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар Бишкек шаарында 50 млн. АКШ доллар капиталы  менен Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Венгриянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашууга кол коюшту. Фонд КРдагы айыл чарба, туризм, энергетика чөйрөлөрүндөгү артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартуу үчүн уникалдуу аянтча болуп, Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен өндүрүштөрдү, биргелешкен ишканаларды түзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана аны менен өлкөнүн экономикасынын өсүшүн өбөлгөлөйт.

КР менен Венгриянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде соода-экономикалык кызматташуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда КР менен Венгриянын ортосунда Иштиктүү кеңешти түзүү  жана ушул жылы Иштиктүү кеңештин 1-жыйынын өткөрүү, соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында иштерди мындан ары активдештирүү, банк чөйрөсүндөгү жана фармацевтика жаатындагы  кызматташууну  активдештирүү жөнүндө  макулдашуулар жетишилди.

Тараптар Будапешт-Бишкек түз авиакаттамды ачуу маселесин талкуулашты жана жакынкы аралыкта түз авиакаттамды ачуу боюнча маселени чечүү жөнүндө макулдашышты. Бул маселе боюнча сүйлөөшүлөрдү жүргүзүү үчүн Венгриянын  тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртонун   расмий делегациясынын курамында «Wizz Air» венгер авиакомпаниянын башчысы Й.Варади КРга келген, ал КРнын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Г.Айдаралиева жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле «Wizz Air» компаниясы тарабынан Абу-Даби-Бишкек марштуру боюнча авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды, ал Кыргызстандын араб регионуна чыгуусу үчүн зор дарамет ачат.

Ошондой эле КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто билим берүү, КР ТИМ жана Венгриянын Дипломатиялык академиялары, маданият жана спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө мындан аркы кызматташуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар  БУУ, ЕБ, жана ТТМККнын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргыз Республикасына болгон иш-сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер госпиталы үчүн суу тазалоочу жабдууларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына расмий өткөрүп берүү салтанаты болду,  жабдуулар венгер тараптан кыргыз тарапка кайтарымсыз негизде берилди.

Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун КРга жасаган расмий иш-сапарынын алкагында венгердик компаниялардын өкүлдөрү да келишти, алар КРнын бизнес-өнөктөштөрү, ошондой эле КРнын компетенттүү мамлекеттик органдары менен B2B жолугушууларды өткөрүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1) КР менен Венгриянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Венгер-Кыргыз  өнүктүрүү фондун уюштуруу тууралуу Макулдашууга.

2) КР Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө Макулдашууга.

3) КРнын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартизация жана метрология боюнча борбор менен Будапешт борборунун Өкмөттүк кеңсесинин метрологиялык жана техникалык көзөмөл департаментинин ортосунда метрология жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга

4)Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер  жана соода министрлигинин ортосунда 2022-2023-жылдарга кызматташуу программасына.

2021-жылдын 7-8-апрелиндеги Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун КРга расмий иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев менен Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун биргелешкен билдирүүлөрүнө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK