Видеоконференцбайланыш режиминде аскердик тармакта ишенимди бекемдөө жана чек ара аймагында куралдуу күчтөрдү кыскартуу боюнча макулдашууларды аткаруу боюнча биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 42-сессиясы болуп өттү
22-23-июнда видеоконференцбайланыш режиминде Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Кытай ортосунда аскердик тармакта ишенимди бекемдөө жана чек ара аймагында куралдуу күчтөрдү кыскартуу боюнча макулдашууларды аткаруу боюнча биргелешкен көзөмөлдөө тобунун (БКТ) 42-сессиясы болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө дипломатиялык жана аскердик эксперттер БКТнун мурунку сессиясынан кийин тараптардын макулдашууларды аткаруу маселелерин талкуулашты жана алдыдагы мезгилге өз ара текшерүүлөрдү жүргүзүү маселелерин макулдашышты.
Иш-чара достук жана түшүнүү маанайда өттү.