«Звезда» компаниялар тобу» ЖЧКсында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына эмгек акысын төлөбөй койгон факты боюнча
«Звезда» компаниялар тобу» ЖЧКсында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына (10 адам) эмгек акысын төлөбөй койгон факты боюнча, 2021-жылдын 5-августунда Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери аталган ишканага барып келди.
Иш берүүчүлөр менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык 10 мекендешибизге 1 миллион 47 миң 625 рубль өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди. Бул иш чара Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону уюштуруу алкагында өттү.