Выступление Президента Садыра Жапарова на "Саммите Одна Планета"

158

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 10-ноябрда, Париж шаарында өткөн «Бир планета саммити» саммитинде сүйлөгөн сөзү:
 
"Урматтуу Франция Республикасынын Президенти 
Эммануэль Макрон мырза,
 
Урматтуу мамлекет жана өкмөт башчылары,
 
Айымдар жана мырзалар,
 
Мен бүгүн сиздер менен азыркы замандын актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрүнүн бири – 
биздин планетабыздын морт эко системасынын сакталышына арналган эл аралык форумда кездешип жатканыма кубанычтамын.

Эң башында мен төмөнкүлөрдү белгилегим келет.  

Биздин саммиттин темасы – “Бир планета” – абдан символикалуу.  

Биздин элдерди жана мамлекеттерди татаал рельефтер жана географиялык тоскоолдуктардан өткөн чек аралар бөлүп турат.  

Белгилүү болгондой, биздин планета төрт океан менен бөлүнгөн.  

Жердеги бардык жашоону кармап турган аба мейкиндиги - бешинчи океан жөнүндо айтсак болот. 

Баарыбыз бир эле аба менен дем алабыз, анын чек арасы жана эч кандай тоскоолдуктары жок.  

Бул ошондой эле баарыбыздын тагдырларыбыз жана түйшүктөрүбүз, 
үмүтүбүз жана каалоолорубуз аркылуу бири-бирибизге байланыштуу экенибизди билдирет.  

Дүйнө азыр кооптуу чекке жетти жана биз куру ураандар же жалпы сөздөр менен чектелип калбашыбыз керек.  

Урматтуу достор, мен кечиктирбей, 
азыртадан биргелешкен чараларды көрүү зарылдыгын белгилегим келет.  

Биз бүгүнкү саммиттен  кийин эч нерсе өзгөрүлбөй жана адаттагыдай болуп эч нерсе чечилбей калышына жол бербешибиз керек. 

Сөз менен эле эмес, иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек. 

Урматтуу катышуучулар,

Глобалдык климаттын өзгөрүшү жыл сайын адамзат үчүн олуттуу коркунучка айланууда.

Климаттын өзгөрүшүнүн криосферага болгон терс таасири өзгөчө тынчсызданууну жаратат.
 
Кыргызстан – мөңгүнүн пайда болушуна ыңгайлуу климаттык шарттары катаал тоолуу өлкө болуп саналат, тоолор өлкөнүн аймагынын 94 пайызын ээлейт.
 
Соңку 70 жылдын ичинде Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. 

Кылымдын акырына карата биз мөңгүлөрдүн 80 пайыздан ашыгын жоготуп алышыбыз мүмкүн, ал эми анын ичинен ирилеринин өзүнчө бөлүктөргө талкаланышынан улам мөңгүлөрдүн көлөмү дагы бир топ эсеге кыскарган. 
 
Биздин мөңгүлөр өлкөбүз үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагы үчүн, өзгөчө кургакчылык маалында таза суунун маанилүү булагы болуп саналат. 

Алардын ээриши бүтүндөй аймактын калкынын жашоосуна жана ишмердүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

Тоолуу шарттарда климаттын өзгөрүшү бийиктик мүнөздөмөлөргө ээ экендигин түшүнүү зарыл.

Кыргыз Республикасы бул чакырыктардын алдында иш аракетсиз бойдон калган жок.
 
Биз парниктик газдардын эмиссиясын азайтуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча чараларды активдүү ишке ашырып жатабыз.

Суу ресурстарына антропогендик таасирди азайтуу, суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу 
жана өлкөнүн калкынын таза сууга жетүүсүн камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдөбүз.
 
Биздин стратегиябыздын маанилүү бөлүгү – бул аярлуу экосистемаларды коргоо жана мөңгүлөрүбүздү сактоо үчүн улуттук парктарды жана коруктарды түзүү болуп саналат. 

Биз ошондой эле илимий изилдөөлөргө инвестиция салабыз 
жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун эффективдүү стратегияларын иштеп чыгуу үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташып жатабыз. 

2022-жылдын январында тоо экосистемаларын жана климаттын туруктуулугун коргоо максатында Кыргызстанда менин демилгем менен 
«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясы башталган.
 
Быйыл биз ошондой эле мамлекеттик тышкы карызды реструк туризациялоо, анын ичинде аны «жашыл» экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмаштыруу механизмин колдоо демилгесин көтөрдүк.
 
Варианттар катары – 
биздин өлкөбүздө «жашыл» экономиканы өнүктүрүү үчүн 
долбоорлордун ордуна карызды жарым-жартылай жоюу 
же грантка айландыруу механизмдери камтылышы зарыл деп эсептейм. 

 
Кымбаттуу достор,
 
Кыргыз Республикасынын эл аралык экологиялык демилгелеринин жана иш-аракеттеринин ичинен биринчи кезекте төмөнкүлөрдү белгилейм:
 
• «Криосферанын досторунун тобу» демилгесине кошулуу,
• ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча эл аралык форумдарды өткөрүү;
• Бириккен Улуттар Уюмунда    расмий эмес «Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун»  түзүү;
• тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана 
   биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери боюнча    Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларын кабыл алуу.
 
Маалым болгондой, 2022-жылы биздин өлкөбүздүн жана Италиянын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын «Туруктуу тоолорду өнүктүрүү» резолюциясы бир добуштан кабыл алынган.

Бул документте «2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы» деп жарыялаганбыз. 
 
Тоо экосистемаларын жана мөңгүлөрдү эффективдүү сактоо максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктеринин жана башка эл аралык уюмдардын Тоо өнөктөштүгүнүн колдоосу менен Глобалдык иш-аракет планы иштелип чыккан.
 
«Тоо беш жылдыгынын» жыйынтыктоочу этабы катары биз биринчи Саммиттен 25 жылдан кийин, 
2027-жылы Кыргызстанда «Бишкек + 25» Экинчи Глобалдык Тоо саммитин өткөрүүнү пландап жатабыз. 

Баарыңыздарды келип катышып берүүгө чакырамын. 


 
Урматтуу Саммиттин катышуучулары,
 
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, биз бүгүн кабыл ала турган саясий декларацияны толук колдой тургандыгымды билдирем.

Бул демилге мөңгүлөрдүн ээрүү көйгөйү боюнча маалыматтарды жогорулатуу жана аны изилдөө жана жаңы биргелешкен практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эл аралык коомчулукту мобилизациялоодо маанилүү болот. 

Мөңгүлөрдү сактап калуу жолдорун издөө боюнча аракеттерибизди бириктирүүнү жана суу ресурстары пайда болгон зонаны коргоодо кызматташууну сунуштаймын. 
 
Климаттын өзгөрүшүнө дуушар болгон өлкөлөрдүн реалдуу муктаждыктарына жооп берген каржылоонун деңгээлин кайра карап чыгуу жана олуттуу жогорулатууну зарыл деп эсептейм.
 
Эл аралык коомчулуктун өз убагында жооп кайтаруусу жана биргелешкен системалуу иш-аракеттер аркылуу гана бүгүнкү күндө биздин алдыбызда турган бул глобалдык чакырыкты ийгиликтүү жеңе алабыз деп ишенем.
 
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат".

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK