Урматтуу мекендештер!

1281

Бир нече күн мурун Екатеринбург шаарында резонанс жараткан окуядан кийин, Россия Федерациясынын Свердлов облусунун жетекчилигинин буйругу менен, учурда облус аймагында жүргөн чет элдик жарандарга карата укук коргоо органдары тарабынан күчөтүлгөн текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Чет элдик жарандардын документтери, миграциялык каттоолору, жумуш келишимдери текшерилүүдө. Россия Федерациясынын аймагында жашоо жана иштөө эрежелерин сактабай, мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер тиешелүү жоопкерчиликке тартылууда.

Ошол себептен Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Свердлов облусундагы мекендештерди жергиликтүү мыйзамдарды бузбай, Россия Федерациясынын аймагында жашоо жана иштөө эрежелерине ылайык тиешелүү документтерди тартипке салууга чакырат.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK