О встрече Генерального консула Кыргызской Республики в г.Екатеринбург Р. Бийбосунова с руководителем Представительства Министерства иностранных дел Российской Федерации в г.Екатеринбург А. Харловым

5869

2019-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Бийбосунов Руслан Мелсовичтин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Ѳкүлчүлүгүнүн жетекчиси Харлов Александр Владимирович менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптар келээрки IX кыргыз-россиялык аймактар аралык конференциясынын алдында Кыргыз Республикасы менен Урал федералдык округунун ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун күчѳтүү боюнча, Россияда жүргѳн КРнын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле миграциялык абалды жакшыртууга багытталган ар тараптуу биргелешкен иш-аракеттер тууралуу талкуулоо болду.

Башкы консул Бийбосунов Р.М. кыргыз тарапка ар тараптуу колдоо кѳрсѳткѳндүгү үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, 2020-жылы Кыргызстандагы Россиянын, Россиядагы  Кыргызстандын "кайчылаш" жылында ѳткѳрүлчү иш-чаралар тууралуу, ошондой эле  аймактар аралык конференцияга даярдык кѳрүүгѳ байланыштуу пландары жѳнүндѳ маалымдады.

А.В. Харлов Башкы консул Р.М. Бийбосуновду кызматка киришүүсү менен куттуктап, Башкы консулдуктун консулдук аймакта эмгектенип жүргѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын  укугун жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан активдүү ишмердүүлүгүн белгилеп, келээрки иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ орус тараптан колдоо кѳрсѳтүлѳѳрүн тастыктады.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK