4 декабря - День эпоса "Манас"

2576

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улутубуздун улуу байлыгы болгон "Манас" эпосунун күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз.

"Манас" эпосу – кылымдар бою муундан-муунга оозеки айтылып, кыргыз элинин руханий таянычы жана шыктандыруучу булагы болуп келген баатырдык эпос. Бул улуттук улуу мурасыбызга жана руханий казынабызга өтө астейдил мамиле жасоо — ар бир кыргыз жаранынын милдети жана парзы.

Сиздерди дагы бир жолу улуу "Манас" дастаныбыздын күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө өнүгүү, Мекенибизге тынчтык каалайбыз.

Манас бабабыздын арбагы баарыбызды колдосун!

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK