Манасчы Рысбай Исаков вошел в Книгу рекордов Гиннесса за исполнение эпоса «Манас» в течение 124 часов

1583

Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында манасчы Рысбай Исаков 124 саат тынымсыз “Манас” эпосун айтып Гиннесс рекорддор китебине катталды.

Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгүн тапшырды.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Омуралиев, “Түрксой” эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, , манасчылар жана коомчулук катышты.

Иш- чаранын алкагында эл алдына кыргыз, түрк жана казак манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулады.

Эске салсак, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры тарабынан “Түрксой” эл аралык уюму, Бурса шаарынын Мэриясы жана Элчилик менен биргеликте “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында уюштурулган.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK