Поздравительное послание Посла Руслана Казакбаева по случаю Нового 2023 года

848

Урматтуу мекендештер,

Кымбаттуу достор,

Сиздерди Элчиликтин жана жеке өзүмдүн атымдан 2023-Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

2022-жыл ар түрдүү саясий, экономикалык, маданий, социалдык жана коомдук окуяларга бай болду. Жаңырган жыл жакшылыктардын, жаркын маанайдын, жакшы иштердин, ийгиликтердин жылы болсун.

Өтүп бараткан жылдагыдай эле жаны жылда биз кыргыз-түрк мамилелерин бардык тармактарда өнүктүрүү жана бекемдөө багытында талыкпай иштейбиз.

Мекендештериме өткөн жылдагы ишмердүүлүгүбүзгө көңүл буруп, Элчиликке көрсөткөн колдооңуз үчүн ыраазычылык билдирем.

Жаңы жылда дагы Элчилик Түркиядагы мекендештерибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча негизги иш-аракеттерин улантат жана көйгөйлөрүңүздөрдү ыкчам чечүүнүн үстүндө аракеттенет жана колдон келгендин баарын жасайт.

Мекенден алыста иштеп, окуп жүрөсүздөр. Эмгегиңиздер үзүрлүү болсун, окууңуздарга ийгиликтерди каалайм.

Келе жаткан жаңы жыл бизге жана куттуу элибизге тынчтыкты, биримдикти жана туруктуулукту, ал эми өлкөбүзгө мындан ары өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү алып келсин!

 

Казакбаев Руслан Айтбаевич

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK