24 сентября 2019 года состоялась двусторонняя встреча Министра иностранных дел Кыргызской Республики Чингиза Айдарбекова с новым Министром иностранных дел Румынии Рамоной Манеску.

6268

2019-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Румыниянын жаңы дайындалган Тышкы иштер министри Рамона Манеску менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Министр Ч.Айдарбеков Р.Манескуну Румыниянын Тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө ишеничин билдирди.

Болуп өткөн жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Биргелешкен иш-аракеттердин планына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Румыниянын ТИМ Дипломатиялык академияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Ачык жана конструктивдүү маекте эл аралык жана регионалдык күн тартибинин негизги аспекттери, анын ичинде БУУ, ЕБ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын аянтчасында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашылды.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK