2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия дирекциясынын бөлүм башчысы П. Георгиев жана Консулдук кызмат дирекциясынын визалык саясат бөлүмүнүн башчысы И.Мотев менен жолугушту.

2403

Элчилик өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын, тышкы иштер органдарынын жетекчилеринин сапарларын уюштуруу жана ТИМ аралык консультацияларды, ошондой эле бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Тараптар эл аралык аренада бир-бирин колдоого жана эки өлкөнүн ортосундагы сооданы көбөйтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Өз кезегинде Болгар тарап Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин жана эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду активдештирүү, мыйзамдык базаны кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык режимди либералдаштыруу боюнча иштерди активдештирүү боюнча макулдашууга жетишти.

  • 2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия дирекциясынын бөлүм башчысы П. Георгиев жана Консулдук кызмат дирекциясынын визалык саясат бөлүмүнүн башчысы И.Мотев менен жолугушту.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK