Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин (АӨИЧК) Башкы катчысы Кайрат Сарыбай менен жолугушту

2024-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин (АӨИЧК) Башкы катчысы Кайрат Сарыбайдын жолугушу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө АӨИЧКнын Башкы катчысы Кайрат Сарыбай Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмени толук кандуу эл аралык уюмга трансформациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле 2024-жылы Астанада жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө даярдыктар жана Жыйын органдарынын аткарган иштери белгиленди.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев кеңешменин Башкы катчысынын Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча аракеттерин колдоорун билдирип, кеңешмени институционалдык өнүктүрүүгө багытталган Казакстандын бул уюмдагы төрагалыгынын артыкчылыктарын жогору баалады. Ал ошондой эле Казакстандын АӨИЧКдагы төрагалыгы мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөөрүнө, форумдун эл аралык аренадагы статусун көтөрөөрүнө, ошондой эле Азия регионунда экономикалык өнүгүүнү жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты өбөлгөлөөдө оң роль ойной тургандыгына ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK