Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө семинар өткөрдү

Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында 2024-жылдын 8-майында Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө семинар өткөрдү.

Семинар КР ТИМдин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын базасында «Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»,  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө» мыйзамдарын ошондой эле экономикалык дипломатия жаатындагы өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ТИМдин жооптуу кызматкерлери сөз сүйлөп, аталган мыйзамдардын жоболорун сактоонун зарылчылыгы жана маанилүүлүгү тууралуу кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти. Катышуучулар эл аралык ишти жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн белгиленген тартиби; Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерди түзүшү, күчүнө кириши, аткарылышы, токтотулушу жана денонсациялоо; мамлекеттер аралык маанидеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү; ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелердеги бирдиктуу протоколдук практикасы менен таанышышты.

Министрлик ошондой эле экономикалык дипломатия жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, инвестицияларды тартуу, ата мекендик товарларды жана кызматтарды экспорттоого көмөктөшүү, өлкөнүн туристтик потенциалын ачуу жана анын аймактарын өнүктүрүү боюнча өлкөнүн мамлекеттик органдарын активдүү жана координацияланган тышкы экономикалык ишмердүүлүккө чакырды.

Мындан тышкары, катышуучуларга мамлекеттик органдар менен КР ТИМинин ортосундагы өз ара аракеттенүү процессин оптималдаштырууга багытталган «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип жаткан «Дипломатиялык кызмат» АИС системасы тартууланды.

Семинардын соңунда жемиштүү пикир алмашуу болуп, суроо-жооп иретинде актуалдуу темалар кеңири талкууланды.

Окутуу иш-чаралары КР ТИМдин тарабынан мамлекеттик органдардын эл аралык ишмердигин координациялоону күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматкерлеринин бул багыттагы билим деңгээлин жогорулатуу максатында жыл сайын өткөрүлүп турат.

Учурдагы семинардын ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 50дөн ашык кызматкерлери катышты.

  • Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө семинар өткөрдү
  • Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө семинар өткөрдү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK