КР ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ош шаарында жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошевге барышты

2024-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Улуу Жеңиш майрамына карата Ош шаарынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери К. Жолдошев менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Жеңиш күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана бакыт-таалай каалашты.

Жолугушуунун соңунда ардагерге 9-май майрамынын урматына гүл, шириндик жана акчалай конверт тапшырылды.

 

  • КР ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ош шаарында жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошевге барышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK