Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде 2023-жылы коррупцияга каршы туруу жаатында аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 180 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияга ылайык Министрлик тарабынан төмөнкү иш-чаралар аткарылды.

Кадрларды дайындоо бөлүгүндө.

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, дипломатиялык, консулдук кызмат орундарынын же ыйгарым укуктуу органдагы, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдагы же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бош кызмат орундарына башка мамлекеттин жарандыгына таандык эмес, жогорку кесиптик билимге ээ жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген кадрлар резервине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары аттестациялык-конкурстук комиссиянын сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен дайындалат.

Дипломатиялык же консулдук бош кызмат орундарын, ыйгарым укуктуу органдагы, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдагы же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндөгү административдик мамлекеттик бош кызмат орундарынын ээлөөгө кадрлар резервинде талапкерлер болбогондо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ачык конкурс өткөрүлөт.

Алсак, акыркы 2 жылда Министрлик тарабынан 2 ачык конкурс өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча бош кызмат орундарын ээлөөгө 20 конкурсант өтүп, 20 конкурсант кадрлар резервине киргизилген.

Ошондой эле, кызыкчылыктардын кагылышуусу орун албаганын жана коррупцияны алдын алуу максатында которулган, ишенимди жоготкондугуна байланыштуу иштен бошотулган кызматкерлер жана Министрликтин кызматкерлеринин укукка каршы аракеттери, коррупция жөнүндө кайрылуулар катталбагандыгын билдиребиз.

Консулдук кызматтарды көрсөтүү  бөлүгүндө.

Министрлик жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери тарабынан мамлекеттик (консулдук) кызматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-ж. 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине (тизмесине) ылайык көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө/консулдук мекемелеринде жана Кыргыз Республикасынын ТИМинин Консулдук департаментинде мамлекеттик (консулдук) кызматтарга документтерди автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу кабыл алуу жана даяр документтерди берүү ишин электрондук форматка өткөрүү боюнча иштер аяктады.

Мамлекеттик (консулдук) кызматтарды электрондук форматка өткөрүү документтерди тариздөө жана берүү процессин автоматташтырууга, анын ичинде бардык процесстердин ачыктыгын камсыздоого жана натыйжада коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга, документтердин тизмесин кыскартууга, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга жана санын бир нече эсе көбөйтүүгө, ошондой эле документтерди тариздөө мөөнөтүн кыйла кыскартууга мүмкүндүк берди.

Белгилей кетсек, мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгү чектеш болуп саналат (улуттук паспорттор, айдоочулук күбөлүк, жарандык, нотариалдык иш-аракеттер, легалдаштыруу, мекен картасы ж. б.), мында кызматтар (виза, МКК, консулдук каттоо) Консулдук департамент жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери тарабынан гана көрсөтүлөт.

Чектеш мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу, атап айтканда, мамлекеттик кызмат көрсөтүү тартибин жана керектүү документтердин тизмесин өзгөртүү Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын (СӨМ, ИИМ, Юстиция министрлиги, ЭСКММ ж. б.) прерогативасы болуп саналат.

Ошону менен бирге, Консулдук департамент тарабынан коррупциялык жана бюрократиялык жол-жоболорду жоюу, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин кыскартуу бөлүгүндө чет өлкөлөрдө мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.

Ошол эле учурда, Консулдук департамент тарабынан коррупциялык тобокелдиктерди азайтуунун алкагында бир катар алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү, атап айтканда мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүүдө Консулдук департаментте жана "Манас" э/а визалык пунктунда накталай эмес эсептешүү боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн атайын терминалдар орнотулду, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде көрүү мүмкүнчүлүгү бар видео жана аудио жаздыруучу түзүлүштөр иштеп жатат. Мындан тышкары, визаларды тариздөө боюнча мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүү толугу менен дистанциялык тартипке өткөрүлдү, б. а. кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын визасын изденүүчүлөрдүн жеке катышуусусуз электрондук форматта көрсөтүлүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен маалымат алмашуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму аркылуу жүргүзүлгөндөн улам "кагаз түрүндөгү" кошумча документтерди талап кылуу кыскартылды.

Ошондой эле, электрондук консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өркүндөтүү максатында Консулдук департамент тарабынан мобилдик тиркемеге байлоо менен жаңы "Электрондук консул" МС иштелип чыгууда, ал аркылуу төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр түзүлөт:

- барган өлкө жана анын миграциялык мыйзамдары, мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу тартиби жөнүндө актуалдуу маалыматтарды жайгаштыруу;

- айрым кызматтар боюнча арызды аралыктан берүү (мисалы, консулдук каттоого туруу, Кыргызстандан документтерди талап кылуу);

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде кабыл алууга алдын ала жазылуу;

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин арыз ээлери менен кайра байланышы;

- документтерди даярдоо/жеткирүү/онлайн режиминде берүү жол-жобосуна сереп салуу;

- көп берилүүчү суроолорго жооптор ж. б.

Мамлекеттик сатып алуулар бөлүгүндө.

2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияга ылайык:

- мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү жол-жоболорун сактоону контролдоону күчөтүү боюнча стратегиялык максатка жетүү

- жана кийинки милдеттерди аткаруу үчүн: КР ТИМинин түзүмдүк бөлүмдөрү Валюта-финансы департаментинин мамлекеттик сатып алуулар секторуна товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча билдирмелерди жөнөтүүдө реалдуу керектөөлөрдү эске алуу жана техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алдын ала бюджетти көрсөтүү менен сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү үчүн так негиздемелерди түзүшсүн

- туруктуу негизде кийинки аракеттер көрүлүүдө: Документтерди түзүүдө Валюта-финансы департаментинин мамлекеттик сатып алуулар сектору түзүмдүк бөлүмдөрдүн билдирмелерин жетекчиликке алат, аларга ылайык материалдык-техникалык ресурстарга болгон жалпы муктаждык аныкталат жана КР ТИМи үчүн реалдуу зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү туура мониторингдөөнүн натыйжасы катары бюджеттик каражаттарды үнөмдөө үчүн мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосу жүргүзүлөт;

- мамлекеттик сатып алууларды пландаштыруу жана план бекитүү процесстерин регламенттөө боюнча стратегиялык максатка жетүү

- жана кийинки милдеттерди аткаруу үчүн: түзүмдүк бөлүмдөрдүн берген билдирмелеринин негизинде кезектеги календардык жылга сатып алуулардын негиздүү жана реалдуу планын түзүү; мамлекеттик сатып алуулар планын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-порталында жарыялоо (www.zakupki.gov.kg)

- туруктуу негизде аракеттер көрүлүүдө: Тиешелүү жылга товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу планын бекитүү. Негизделген зарылдыгына жараша КР ТИМинин мамлекеттик сатып алуулар планына тиешелүү түзөтүүлөр киргизилет, алар параллелдүү түрдө www.zakupki.gov.kg сайтында жарыяланат. Ошону менен бирге, Валюта-финансы департаментинин мамлекеттик сатып алуулар сектору тарабынан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары так сакталууда жана мамлекеттик сатып алуулар планы жыл сайын веб-порталда жарыяланып турат;

- өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболоруна туруктуу мониторинг жүргүзүү боюнча стратегиялык максатка жетүү

- жана кийинки милдеттерди аткаруу үчүн: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контракттарды түзүү механизмдерин камсыз кылуу (сатып алуу предметин жеткирүүнү сактоо бөлүгүндө: сапаты, жеткирүү мөөнөтү, кепилдик тейлөө, төлөө тартиби ж. б.)

- туруктуу негизде кийинки аракеттер көрүлүүдө: Валюта-финансы департаментинин мамлекеттик сатып алуулар сектору коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун ачык-айкындуу жүргүзүү үчүн сатып алуу предметинин аталышы, саны, көлөмү жана берүү мөөнөттөрү боюнча чарбакер субъекттер менен түзүлгөн контракттардын аткарылышын туруктуу негизде контроль жүргүзөт.

Жарандардын кайрылуулары боюнча

2023-жылы мамлекеттик органга  КР ТИМинин кызматкерлери тарабынан коррупциялык аракеттер жасалгандыгы жөнүндө жарандардан билдирүүлөр жана кайрылуулар келип түшкөн эмес, ошол эле учурда 2.7-пунктту ишке ашыруу максатында  жогоруда аталган стратегияда жарандардын кайрылууларын баалоо максатында "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасына мамлекеттик органдарды кошуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигиндеги ведомстволор аралык кеңешмеде кабыл алынган чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин порталында "Жарандардын кайрылуусу" бөлүмү кошулуп, анда авторизацияланган жана авторизацияланбаган пайдалануучулар кайрылууларды сунуш, арыз, даттануу түрүндө жөнөтө алышат. Мында, авторлоштурулган колдонуучулар жөнөтүлгөн кайрылууларды кароонун статусун көзөмөлдөй алышат, колдонуучунун тандоосуна жараша электрондук почтага же Telegram мессенджерине билдирүү түрүндө жөнөтүлгөн кайрылууну кароонун статусу жөнүндө кабарлоону, бийлик органынан электрондук почтага жооптун көчүрмөсүн ала алышат. Системада жарандардын кайрылууларына баа берүү, ошондой эле "Түндүк" мамлекеттик мекемесинен алынган маалыматтар боюнча, азыркы учурда статистиканы чыгаруу боюнча функционалды иштеп чыгуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.