2019-жылдын 16-майында Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандагы немистердин маселелери боюнча кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиянын 13-отуруму болут өттү

2019-жылдын 16-майында Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандагы немистердин маселелери боюнча кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиянын 13-отуруму болут өттү. Отурумдун ишине Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Өмөтүнүн бир жерден экинчи жерге көчүп келгендердин жана улуттук азчылыктардын маселелери боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү профессор Бернд Фабрициус жетектеген герман делегациясы катышты. Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жетектеди.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргызстандагы немистердин маселелери каралды. Германиянын Өкмөтү тарабынан Кыргызстандагы немистерге маданий-гуманитардык, социалдык чөйрөлөрдө жана ошондой эле билим берүү жана жаштарды колдоо тармагында жардам берилет.

В.И.Диль жетектеген Кыргызстандагы немистердин элдик кеңеши көп жылдан бери Кыргызстандагы немистердин маселелери боюнча жигердүү иш жүргүзүп келе жатат.

Министрдин орун басары А.Мадмаров Кыргызстанда этникалар аралык тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө жана өлкөдөгү маданий көп түрдүүлүктү сактоо боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Кыргызстандагы немистер эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсү экендигин баса белгиледи.

Ыйгарым укуктуу өкүл Б.Фабрициус Германиянын Өкмөтү Кыргызстандагы немистердин маселелери боюнча мындан ары дагы жардам берүүнү уланта берээрин билдирди.

Отурумдун жыйынтыгында Коммюнике кабыл алынды жана анда Кыргызстандагы немистердин маселелери боюнча кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы мындан ары кызматташуу маселелери белгиленди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK