Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайынжана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусовдун Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Казимджан Камилов менен жолугушуусу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайынжана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусовдун Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Казимджан Камилов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда И.Джунусов Кыргыз Республикасында өтүп жаткан ири масштабдуу укуктук-сот реформасы жөнүндө, анын максаты, негизги милдеттери, учурдагы жыйынтыктары жана келечектерижөнүндө маалымдады. Бул жылдын 1-январындан баштап күчүнө кирген жана эскирген мурунку репрессивдүүукуктук-сотсистемасынан баш тартууну белгилеген кылмыш-жаза, административдик, жазык жана жазык-аткаруу мыйзамдарындагы ири өзгөрүүлөржөнүндө айтып берди. Соттордун ишмердүүлүгүн санариптештирүүгөөткөзүү тууралууалпарылып жаткан системалуу иштери жөнүндө белгилеп өттү. Өз кезегинде, К.Камилов Өзбекстанда сот системасынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

 Тараптар ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жогорку сотторунун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошол эле учурда КМШ жана ШКУалкагында жигердүү кызматташууну, ошондой эле конференциялардын, тегерек столдордун жана башка эл аралык иш-чаралардынталааларындагы болуп жаткаткан катнаштардыыраазычылык менен белгилешти. Аймактындинамикалуу өзгөрүүлөрдүн шартында жанабиздин өлкөлөрдөгүболуп жаткан ири сот реформаларды эске алганда, андан да тыгыз кызматташуу үчүн аракет кылышы зарыл деген пикирге келишти.

И.Джунусов,Элчилик, Өзбекстандын Жогорку соту менен жумуш катнаштардыкармап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жанаӨзбекстан Республикасынынсот органдырынын ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары да терендетүүгө, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK