Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Омуралиев Анкара шаарындагы ОСТИМ Уюштурулган өнөр-жай чөлкөмүнүн жана ОСТИМдин алкагындагы компаниялардын жетекчилиги менен жолугуп, аталган өнөр-жай чөлкөмүнүн ишканалары менен таанышты.

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Омуралиев Анкара шаарындагы ОСТИМ Уюштурулган өнөр-жай чөлкөмүнүн жана ОСТИМдин алкагындагы компаниялардын жетекчилиги менен жолугуп, аталган өнөр-жай чөлкөмүнүн ишканалары менен таанышты.

Элчи К.Омуралиев түрк ишкерлерине Кыргыз Республикасынын инвестициялык дарамеги жана мүмкүчүлүктөрү, ошондой эле либералдуу мыйзамдык базасы жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттары, тагыраак айтканда төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар: арзан электроэнергия, жумушчу күч жана башкалар жөнүндө маалымат берди.

ОСТИМ өнөр-жайынын ишканалары менен таанышууда түрк компаниялары Кыргызстандын инвестициялык долбоорлорун кароого кызыкдардыгын билдиришти, тактап айтканда гидроэнергетика тармагындагы мамлекеттик Темсан компаниясы Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык долбоорлорун кароого даярдыгын билдирди. Тараптар кызматташууну улантууну жана зарыл болгон учурда Темсан компаниясынын делегациясынын Кыргыз Республикасына таанышуу сапарын уюштурууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: ОСТИМ Уюштурулган өнөр-жай чөлкөмү Анкарадагы биринчи өнөр-жай, 1967-жылы Джевдет Дүндар жана бир топ ишкерлер тарабынан курулган (азыркы учурда өнөр-жайдын ээлеген жери 5 млн.кв.м.). ОСТИМ өнөр-жай чөлкөмүндө 6200 кичи жана орто ишканалар бар. Аларда 139 бизнес-тармактагы 17 сектордо иш алып барган 60000 кызматкерлер иштейт. Остим өнөр-жай чөлкомүнүн өнүккөн инфратүзүмү (банктардын жана коммуникация боюнча компаниялардын өкүлчүлүктөрү,почта, медициналык борборлор ж.б.) жана өндүрүш экосистемалары бар. ОСТИМ өнөр-жай чөлкөмүнүн алкагындагы компаниялар коргоо, авиация, темир жол, медицина, курулуш техника, маалымат технологиялар, энергетика жана башка тармактарда иш алып барышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK