КРнын Женева шаарындагы БУУнун Бөлүмүнүн алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикалары үчүн атайын программасынын мүчө-мамлекеттеринин жолугушуусунда катышты

2020-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун Бөлүмүнүн алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) мүчө-мамлекеттеринин жолугушуусунда катышты.

БУУ ЕЭКдин Аткаруучу катчысы Ольга Алгаерова жана СПЕКАнын мүчө-мамлекеттеринин (Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү, Азербайжан жана Афганистан) Женева шаарындагы өкүлдөрү катышкан бул отурумда КРдин Туруктуу өкүлү Д.Мукашев сөз сүйлөп, Кыргызстандын учурдагы СПЕКАдагы төрагалыгы тууралуу жана үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын экинчи жарымында биздин өлкөнүн төрагалыгы алдында онлайн форматында өткөрүлүшү пландаштырылган СПЕКАнын жыйынтыктоочу иш-чаралары тууралуу кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө анын катышуучулары мындан мурун БУУ ЕЭК тарабынан сунушталган СПЕКАнын мүчө-өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык жаатындагы долбоорлорду каржылоого багытталган СПЕКА Траст фондусун түзүү маселесинин айланасында пикир жана маалымат менен алмашты.

Отурумдун бардык катышуучулары СПЕКА программасынын алкагындагы региондук экономикалык кызматташууну мындан ары улантуу маанилүү экендигин баса белгилешти.   

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK