Кытай Эл Республикасына расмий сапарынын алдында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү

Борбордук Азия-Кытай форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жолугушуусуна катышуунун алкагында (2021-жылдын 10-12 майында, Сиань ш.) Кытай Эл Республикасына расмий сапарынын алдында 2021-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын алдыдагы боло турган сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби боюнча пикир алмашуу болду.

Кытай Элчиси Ду Дэвэнь кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен курман болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ошондой эле Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп, КРнын жетекчилиги тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларды тынчтык жолу менен чечүү, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча аракеттерди кубаттады. Кытай тарап  дипломатиялык аракеттер менен сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү  камсыздалат деген ишенимин билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK