Ташкент шаарында өтүп жаткан «Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш, чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» Эл аралык жогорку деңгээлдеги конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Катар Мамлекетинин тышкы иштер мекемесинин Мамлекеттик министри Султан бин Саад Аль-Мурайхи менен жолугушту

2021-жылдын 16-июлунда Ташкент шаарында өтүп жаткан «Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш, чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» Эл аралык жогорку деңгээлдеги конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Катар Мамлекетинин тышкы иштер мекемесинин Мамлекеттик министри Султан бин Саад Аль-Мурайхи менен жолугушуусу болуп өттү. 

​Жолугушуунун учурунда тараптар алдыдагы кыргыз-катар эки тараптуу мамилелердин саясий, соода-экономикалык, техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарын өнүктүрүүнүн келечегин талкулашты. Кезектеги соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясына, жана ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешмелерин уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду. 

​Мындан тышкары, жакынкы келечекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу тууралуу маселелер көтөрүлдү. 

​Министрдин биринчи орун басары Н.Ниязалиев катар тарабынан
Кыргыз Республикасына COVID-19 илдети менен күрөшүүдө көрсөтүлгөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, ошону менен бирге «Катар Чэрити» кайрымдуулук фондуна өлкөдө социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн алкышын айтты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK