Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат "РусГидро" ПАОнун инженериңти долбоорлоо жана эл аралык кызматташуу боюнча Башкы директорунун орун басары Сергей Владимирович Мачехин менен жолугушту

Ушул жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат "РусГидро" ПАОнун инженериңти долбоорлоо жана эл аралык кызматташуу боюнча Башкы директорунун орун басары Сергей Владимирович Мачехин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун негизги максаты - "РусГидро" ПАОнун жана "Гидропроект Институту" АК Кыргыз Республикасындагы гидроэнергетикалык долбоорлорду даярдоодо жана жүзөгө ашырууда мындан ары катышуу маселелерин талкуулоо болду.

Тараптар потенциалды жогорулатуу жана электр энергиясын өндүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Жолугушууда Кыргыз Республикасындагы бир катар ГЭСтер жана ГЭС каскаддары боюнча актуалдуу маселелерден тышкары, РусГидро тобу аркылуу кызматташууну өркүндөтүүнүн мүмкүн болгон механизмдери, биргелешкен жумушчу топ түзүү, Россиянын делегацияларынын Кыргыз Республикасына пландаштырылган жолугушуулары жана иш сапарлары талкууланды, андан тышкары Кыргызстандын гидроэнергетикалык адистери Россиянын жогорку окуу жайларынын базасында Россиянын технологиялары боюнча стажировкаларды жана окутууларды уюштуруу мүмкүнчүлктөрү талкууланды.

Россиялык тарап экологиялык стандарттардын жана талаптардын сакталышын эске алуу менен, учурдагы макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында биргелешкен жигердүү иш алып барууга даяр экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK