Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги, Чехиядагы кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү жана Австриядагы, Венгриядагы, Словакиядагы, Германиядагы, Ирландиядагы мекендештердин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара ѳттү

2021-жылдын 28-августанда Прага шаарында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги, Чехиядагы кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү жана Австриядагы, Венгриядагы, Словакиядагы, Германиядагы, Ирландиядагы мекендештердин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара ѳттү.

Аземдин ачылышында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тѳлѳндү Макеев куттуктоо сөзү менен кайрылып, катышуучуларды жана конокторду бул маанилүү күн менен куттуктады. Ошондой эле байыркы кыргыз элинин улуттук маданиятын жана кыргыз тилин сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, чет өлкөдө иштеп жана окуп жаткан мекендештерди эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууга чакырды. Ошону менен бирге,  Элчиликтин Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жашаган жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо алып барган иштери тууралуу маалымат берилди.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө А.Темирова, Н.Жумашүкүров, А.Акматалиева, Г.Бабаярова жана Д.Бектурсунов 2020-жылы пандемия учурунда кѳрсѳткѳн жардамы, коомдук иштердеги жигердүүлүгү жана мекендештердин ынтымагын чындогого кошкон салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовдун атынан ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Майрам ар кылдуу маданий программа менен коштолду. Келген коноктордун назарына кыргыз элинин каада-салттары кѳрсѳтүлдү, баланы бешике салуу ырымы жана анын мааниси жѳнүндѳ айтылды, тушоо кесүү ѳткѳрүлдү, улуттук комузда күүлөр ойнотулуп, кара жорго бийи бийленди.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Чехия, Словакия жана Германиядан келген командаларынын катышуусу менен футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, ал  Прага шаарынын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Майрамдын өзгөчөлүгү бай ички жасалмасы менен айырмаланган кыргыздын боз үйү болду. Анын алдында улуттук сувенирлердин жана кийизден жасалган буюмдардын көргөзмө-жарманкеси  уюштурулду.

Маалымат үчүн: Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң көп мекендештерибиз Чехияда жашашат. Алар "Алыстагы жакының" деген ураан астында иштеген "Ала-Тоо" коомдук бирикмесин түзүштү. Чехия Венгрия, Словакия жана Словения менен бирге Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилигинин кошумча аккредитацияланган өлкөлөрүнө кирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK