Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын шайланган Төрагасы Абдулла Шахид менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 21-сентябрында Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышууcунун алкагында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын шайланган Төрагасы Абдулла Шахид менен жолугушту. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Абдулла Шахидди БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, анын дүйнө элдеринин бакубаттыгына багытталган ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди жана анын "Үмүттүн төрагалыгы" деп аталган демилгесинин ишке ашышына тилектештигин билдирди. Министр белгилегендей, 2020-жылдын октябрь айынан тартып Кыргыз Республикасында да "Үмүт" аттуу ураан алдында саясий өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Тактап айтканда, бул аралыкта өлкөдө Президенттик шайлоо жана Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдум болуп өттү. 2021-жылдын 28-ноябрына пландаштырылган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо бул өзгөрүүлөр циклин жыйынтыктайт.

Өз кезегинде Башкы Ассамблеянын Төрагасы Абдулла Шахид Кыргызстан БУУнун Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Кыргызстан менен тыгыз жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жалпы дебатында сөз сүйлөгөндүгүн билдирди. Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө 2022-жылы «Борбордук Азия-БУУ» саммитин өткөрүү демилгесин жарыялады. Ушуга байланыштуу Руслан Казакбаев Абдулла Шахидге бул иш-чарага катышуу өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле, Тышкы иштер министрлигинин башчысы БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» тууралуу демилгеси жөнүндө маалымдап, аны колдоого чакырды.

Абдулла Шахид Кыргызстан жарыялаган демилгелерди колдоп, «Борбордук Азия-БУУ» саммитине катышууга даяр экендигин билдирди.

Мальдив аралдарынын тышкы иштер министри Абдулла Шахид ушул жылдын июнь айында Башкы Ассамблеянын 76-сессиясынын Төрагасы болуп шайланган жана ушул жылдын 14-сентябрында кызматка киришкен.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK