Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Таиланд Королдугунун Вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Дон Прамудвинай менен жолугушту

2021-жылдын 23-сенрябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Таиланд Королдугунун Вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Дон Прамудвинай менен жолугушту.

Тараптар өз ара кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Р.Казакбаев соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-тай өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү сунушун киргизди.

Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө, ошондой эле тараптардын кароосунда турган айыл чарба, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана спорт жаатындагы макулдашуулардын долбоорлорун кароону тездетүү жөнүндө макулдашышты.

Министр Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы «Аба каттамы жөнүндө» макулдашууну тез арада ратификациялоо жана эки тараптын ортосундагы «Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө» макулдашууга кол коюу  мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматташуунун бир катар негизги маселелери боюнча байланыштарды сактоо боюнча макулдашуу жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK