Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Иранда аккредиттелген бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

2021-жылдын октябрдын биринчи декадасында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Турдакун Сыдыков, дипломатиялык миссиясын баштоонун алкагында, Иранда аккредиттелген бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

Кыргызстандын Элчиси Т.Сыдыков сый сапары менен Беларус, Венгрия, Гана, Грузия, Мексика, Түркия, Тунис, Уганда, Украина жана Япония элчилерине барды. Жолугушуулар учурунда тараптар дипломатиялык миссиялар ортосундагы достук байланыштарды, кызматташууну күчөтүү жана ар кандай багытта биргелешип иш-чараларды өткөрүү жөнүндө маселелерди талкуулашты.

Кыргыз Элчиси Т.Сыдыков маектештерин Кыргызстанда болуп жаткан реформалар жана алдыдагы парламенттик шайлоолор жөнүндө маалымдады.

Мексика Кошмо Штаттарынын жан Гана Республикасынын Ирандагы элчиликтери бир эле убакытта Тегеран шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасында аккредителген элчиликтер экендигин белгилеп кетүү керек. Ошондуктан, Элчи Турдакун Сыдыков Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Мексика жана Гана элчилерине ушул жылдын 28-ноябрда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо эл аралык байкоочу катары катышууга чакырууларды берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK