Кыргызстан менен Швециянын тышкы саясий ведомстволору видеоконференция форматында консультацияларды өткөрүштү

2021-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги менен Швеция Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин ортосунда видеоконференция форматында консультациялар өттү.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Улан Джусупов, ал эми швед тараптан -  Швеция Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия департаментинин директору Мартина Куик катышышты.

Тараптар кыргыз-швед кызматташтыгынын айрым чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тышкы саясий ведомствосунун департаментинин директору У.Джусупов өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупцияга каршы күрөшүү, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу, ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо тууралуу маалымат берип, Швециянын өкүлдөрүн эл аралык байкоочу катары чакырды.

Швеция Королдугунун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда (ЕККУ) 2021-жылы учурдагы төрагалыгын эске алуу менен, тараптар бул эл аралык уюмдун алкагында Кыргызстан менен Швециянын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасы менен Швеция Королдугунун дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында 2022-жылы биргелешкен иш-чараны өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин өкүлү 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» Биринчи Экономикалык Форуму жөнүндө маалымат берип, швед тарапты бул маанилүү саясий жана экономикалык иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Тышкы саясий консультациялардын жүрүшүндө климаттын өзгөрүшү, экология, «жашыл экономика», саламаттык сактоо, ошондой эле консулдук чөйрөдө кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргызстан менен Швециянын тышкы саясий ведомстволорунун өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин да талкуулашты.

Афганстандагы кырдаал тууралуу айтып жатып, тараптар бул өлкөдөгү бардык ички саясий процессти тынчтык жолу менен жөнгө салууга өз ара кызыкдар экенин белгилешти, өз кезегинде Улан Джусупов бул процессте Кыргызстандын салымы тууралуу маалымат берди.

Тараптар 2022-жылы кезектеги тышкы саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашып, анын мөөнөтү жана өткөрүү жайы дипломатиялык каналдар аркылуу талкууланат.

Аталган консультациялардын ишине Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы, Швеция Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев жана Швеция Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кристиан Камилл катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK