Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту

2022-жылдын 12-январында өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи И. Жунусов эки мамлекет башчыларынын саясий эрки менен учурда кыргыз-өзбек кызматташтыгы эң жогорку деңгээлде экендигин, ынак коңшулук мамилелер чыңдалып, өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу өсүүсүн, биргелешкен ишканалар түзүлүп, аймактардын ортосундагы чек ара кызматташуусу жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри А. Камилов Кыргыз Республикасынын Элчиси И. Жунусовго Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көп кырдуу кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечеги, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана ар кандай деңгээлдеги, анын ичинде аймактык өз ара аракеттенүүнүн алкагында боло турган иш-чаралардын графиги талкууланды.

Өзбекстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аякташына байланыштуу 2022-жылдын 13-14-январында Элчи И.Жунусов Ташкент шаарынын Хокими Жахонгир Артикходжаев жана Премьер-министрдин орун басары, Өзбекстан Республикасынын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен дажолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын, пандемия учурундагы кыргыз-өзбек өз ара аракеттенүүсүн, атап айтканда, Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө өзбек тараптын эффективдүү колдоосун талкуулашты.

Өз кезегинде өзбек тарап И. Жунусовдун Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси кызматында жемиштүү жана жигердүү ишмердүүлүгүн белгилеп, ошондой эле мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK