Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруэй менен жолугушту

2022-жылдын 2-мартында Абу-Даби шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруэй менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо, кыргыз-эмират келишүүлөрүн, күн тартибин, бийик жана жогорку деңгээлдеги жакынкы кыргыз-эмират жолугушууларын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Р.Казакбаев 2021-жылдын 1-3-сентябрында Сухэйль Аль-Мазруэй башында турган Эмираттардын бизнес-делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кыргыз-эмират долбоорлорун жана макулдашууларын ишке ашыруунун актуалдуулугун баса белгиледи. Ошону менен бирге, Р.Казакбаев эмират тарапты өлкөбүздүн экономикасына инвестициялоону кеңейтүүгө үндөп, айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кайра жаралуучу энергия булактары, чакан жана орто ГЭСтерди куруу, мейманкана бизнеси жана туризм, Кыргызстанда “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле кыргыз тарап жаңы аба каттамдарын ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз тарап КР-БАЭ Ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгүн активдештирүү зарыл экендигин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен Инвестициялык фонд түзүү сунушталды. Ошол эле учурда башка мамлекеттер менен да ушундай эле фонддор бар экени айтылды.

Министр Р.Казакбаев инвестициялык долбоорлорду даярдоо, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, саламаттык сактоону реформалоо, коррупцияга жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөлөрүндө эмираттык эксперттерди кыргыз адистери үчүн окутууну, тажрыйба алмашууну уюштуруу жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Өз кезегинде эмират тарап бул сунушту колдоо менен, эки тарап кол койгон “Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы потенциалды институционалдык өнүктүрүү жана жогорулатуу жөнүндө меморандумга” ылайык түзүлгөн КР жана БАЭнин кызматташуу боюнча эксперттик жумушчу тобунунун алкагында бул багытта биргелешип иш алып барууну сунуштады.

Тараптар ошондой эле дүйнөдөгү эл аралык кырдаалдын, анын ичинде Украинадагы окуялардын учурдагы абалын талкуулашты.

Тараптар ыкчам өз ара аракеттенүү жана өз ара кызыгууну жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө байланышкан маселелерди өз убагында чечүү максатында тыгыз жумушчу байланыштарды улантуу тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK