Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Малатья шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

2022-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Малатья шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев аталган шаарда жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Элчи Өмүралиев КРнын Өкмөтү тарабынан КРнын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, кененирээк акыркы жылдары ишке ашырылган төмөнкү маселелерге көңүл бурду: КР менен ТРнын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашуу, ага ылайык мыйзамдуу иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эки өлкөнүн жарандары Кыргызстанда дагы, Түркияда дагы пенсия жана жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, балдардын чет элдик паспортунун мөөнөтүн 3 жылдан 5 жылга чейин узартылышы ж.б. Элчи, ошондой эле, алардын суроолоруна жооп берди.

Шаарда турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүгү Инөнү атындагы университеттин студенттери экенин эске алып, Элчи Өмүралиев жолугушууга университеттин Ректору Ахмет Кызылайды чакырып, ал өз кезегинде студенттерге көңүл бурарын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK