КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Корея Республикасынын Кыргызстандын Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту

2022-жылы 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-корей кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Министрдин орун басары А.Мадмаров бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды өткөрүү жолу менен эки тараптуу мамилелерге импульс берүүнүн максатка ылайыктуулугун белгиледи. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык потенциалды натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгына көңүл бурду.

Кыргыз тарап "Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы функционалдык жакшыртуу" долбоорун, ошондой эле Кыргызстан үчүн социалдык мааниге ээ болгон башка долбоорлорду экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташтык фондунун линиясы боюнча практикалык ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Ли Вонджэ иш сапарларды уюштуруу жана тиешелүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен ишти активдештирүү зарылдыгы жөнүндө пикир менен тилектештигин билдирди. Ошондой эле ал "Борбордук Азия – Корея Республикасы" кызматташтык форумунун кезектеги отуруму боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүү жана EXPO-2030 өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK