КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Президентинин Афганистан боюнча атайын Өкүлү Хасан Каземи Кумини кабыл алды

2022-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке иш сапары менен келген Иран Ислам Республикасынын Президентинин Афганистан боюнча атайын Өкүлү Хасан Каземи Кумини кабыл алды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшү жана афган көйгөйүн жөнгө салуу жолдору тууралуу пикир алмашышты.

 

Министр Ж. Кулубаев бул өлкөдө кооптуу кырдаал мындан ары курчуп кетишине жол бербөө максатында Афганистан Өкмөтү менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге, Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын айтымында, аймактык кызматташуу механизмдерин, анын ичинде ШКУну натыйжалуу пайдалануу жана Афганистандын тынчтык жана өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн жаңы механизмдерди издөөнү улантуу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар афган элине тынч жана стабилдүү Афганистанды куруу үчүн максималдуу колдоо көрсөтүү максатында бул багыттагы саясий диалогду улантуу тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK