Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Андорранын Тышкы иштер министри Мария Убах Фонт менен жолугушту

2022-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Андорра Княздыгынын Тышкы иштер министри Мария Убах Фонт менен жолугушту.

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылчылыгы тууралуу пикир алмашуу болду.

Тоо күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде кыргыз тарап демилгелеген Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун алкагында кызматташуунун келечеги жана бул күн тартибин аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү боюнча биргелешкен пландар өзүнчө талкууланды.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын деэскалацияга умтулуусун жана мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK