КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында уюштурулган ИКУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын министрлеринин Жыл сайынкы консультативдик жолугушуусуна катышты

2022-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында уюштурулган Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын министрлеринин Жыл сайынкы консультативдик жолугушуусуна катышты.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн жалпы көйгөйлөрдү, анын ичинде биздин коомчулукка чакырык таштаган терроризм менен экстремизмди чечүүгө багытталган биргелешкен аракеттерин колдой тургандыгын белгиледи. Ошондой эле, Ж.Кулубаев «Бириккен Улуттар Уюму менен Ислам Кызматташтык Уюмунун кызматташуусу» сыяктуу резолюциялардын долбоорлорун Кыргыз Республикасы колдой турганын кошумчалап, дос жана бир тууган ИКУ өлкөлөрүнө БУУнун органдарына боло турган шайлоодо Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Мындан тышкары, Ж.Кулубаев Кыргызстан Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, биримдикти жана тилектештикти чыңдоого, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды жана эл аралык аренада ислам дүйнөсүнүн позитивдүү имиджин алдыга жылдырууга багытталган тыгыз кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө умтулат деп ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK