Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Борбордук Азия менен Евробиримдиктин өз ара байланышы боюнча конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү

2022-жылдын 18-ноябрында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Самарканд шаарында өтүп жаткан Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара байланыш боюнча конференцияга катышууда. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөттүк делегациялары, Европанын саясий жана каржы институттарынын жетекчилиги да катышууда.

Конференциянын иши өз ара байланыштын үч негизги чөйрөсүндө: санариптештирүү, энергетика жана транспортто туруктуу өз ара байланышты илгерилетүү максатында Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулоого арналган.

Пленардык жыйында сүйлөгөн сөзүндө Айбек Молдогазиев соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка өз ара аракеттенүүнүн түрлөрү бүтүндөй Борбор Азияда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бекем негиз болуп саналаарын белгиледи.

Энергетика тармагындагы кызматташуу темаларына токтолуп, кыргыз тарап өлкөнүн “жашыл экономика”, туруктуулук жана көмүртексиз энергия булактары принциптерине өтүүсү тууралуу маалымат берилди. Ушуга байланыштуу, өлкөнүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын, анын ичинде ГЭСтерди өнүктүрүүдө олуттуу потенциалын эске алуу менен, Конференциянын катышуучуларына бул келечектүү тармакка инвестиция салуу сунушталды. Бул Кыргызстанды таза электр энергиясын экспорттоо боюнча аймактык борборго айланууга жакындатат жана аймактын экологиялык коопсуздугуна жана климаттын өзгөрүшүнө глобалдык каршы турууга олуттуу салым кошот.

Инвестициялык кызматташтык жана санариптештирүү темасын улантып, кыргыз делегациясы өлкөдөгү инвестициялык климат тууралуу маалымат менен бөлүштү. Кыргызстанда санариптештирүү бардык деңгээлдеги коррупцияга каршы күрөшкө көмөктөшөрү, бул экономикалык реформалар менен бирге Кыргызстанда интеллектуалдык активдүүлүктүн өсүшүнө жана сак бизнес чөйрөсүн түзүүгө пайдалуу таасир берери белгиленди.

Министрдин орун басары Молдогазиев Кыргыз Республикасынын жана жалпы региондун транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө өзүнчө токтолуп, ошондой эле тараптарды транспорт тармагында натыйжалуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө катары бүгүнкү күндө өлкөнүн маанилүү транспорттук артерияларын модернизациялоону жана логистикалык борборлорду курууну активдүү улантып жатканы баса белгиленди.

Өз ара байланыш темасында гуманитардык компоненттин маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз делегациясы аймактын таланттуу жана билимдүү жаштары анын өсүүгө өбөлгө болоорун белгиледи. Ушуга байланыштуу аймактын адамдык потенциалына инвестиция салуу, жаңы технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүгө тартылган билим берүү мекемелерин ачуу, алдыңкы европалык технологиялар менен тажрыйба алмашуу, жарандык коомду чыңдоо боюнча иштерди улантуу сунушталды.

Конференциянын иши үч тематикалык панелдик сессиянын жүрүшүндө улантылат, анда эксперттер Борбордук Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара байланышты чыңдоонун мүмкүнчүлүктөрүн жана жолдорун кеңири талкуулашат. Кыргыз делегациясы санариптештирүү жана энергетика боюнча тематикалык сессияларда баяндама жасашат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK