Кыргыз-өзбек келишимдик-укуктук базасын инвентаризациялоо жана өркүндөтүү боюнча тышкы иштер министрликтери аралык консультациялар болуп өттү

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасын ишке ашыруу алкагында 2023-жылдын 24-25-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде кыргыз-өзбек келишимдик-укуктук базасын инвентаризациялоо жана өркүндөтүү боюнча тышкы иштер министрликтери аралык консультациялар болуп өттү.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү эки тараптуу эл аралык келишимдердин жана башка эл аралык документтердин тизмектерин актуалдаштыруу боюнча иш алып барышты.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык деңгээлде 225ден ашуун эл аралык келишим жана 75ге жакын эл аралык документке кол коюлган.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун укук кызматтарынын тажрыйбасы жана эл аралык келишимдерди түзүү жана аткаруу, эл аралык келишимдердин депозитарийи функциясын жүргүзүү жаатындагы практикасы ж.б. тууралуу маалымат менен алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK