Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жашыл өсүү глобалдык институтунун делегациясы менен жолугушту

2023-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин Жашыл өсүү глобалдык институтунун Башкы директору Франк Рейсберман жетектеген делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташууну мындан ары бекемдөө боюнча пикир алмашуу орун алып, ошондой эле Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшү жана "жашыл экономиканы" өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Энергиянын кайра жаралуучу булактары, ресурстарды үнөмдөө, энергоэффективдүүлүк жана «жашыл» транспорт чөйрөлөрүнө «жашыл» инвестицияларды тартуу маселелери кеңири талкууланды.

Тактап айтканда, А.Артыкбаев Кыргызстанда ГЭС куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу келечекте региондун өлкөлөрүнүн таза электр энергиясына болгон керектөөлөрүн камсыздап, бүтүндөй Борбордук Азияда колдонулган суу ресурстарын сактоого оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Министрдин орун басары GGGIдин өкүлүн, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун мамлекеттин тышкы карызын жашыл долбоорлорго алмаштыруу демилгесин колдоо максатында, кредиторлорго сунуштала турган тиешелүү долбоорлорду даярдоодо консультациялык-техникалык жардам көрсөтүүгө чакырды.

Өз кезегинде Ф.Рийсберман Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин климат маселелери боюнча активдүү позициясын жогору баалады жана кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен келечектеги биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтүүгө бекем ниетин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында GGGIдин өкүлү жакынкы келечекте Кыргыз Республикасында Институт өкүлчүлүгүн ачуу пландары тууралуу маалымат берди.

Маалымат үчүн: Жашыл өсүү глобалдык институту (The Global Green Growth Institute – GGGI) – штаб–квартирасы Сеул шаарында (Корея Республикасы) жайгашкан эл аралык уюм. Уюм 20-жылдын 2012-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча конференциясынын жүрүшүндө түзүлгөн.

Уюмдун максаты - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жана өткөөл экономикасы бар өлкөлөрдө жашыл экономиканы өнүктүрүү аркылуу туруктуу экономикалык өсүүгө көмөк көрсөтүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK