КР БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү ЭЭУ менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата иш-чара өткөрдү

2023-жылдын 20-февралында КР БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн жана Эл аралык эмгек уюмунун демилгеси менен жана Эл аралык электр байланыш союзу, ЮНКТАД жана БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата “Тоскоолдуктарды жеңүү жана социалдык адилеттүүлүк үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачуу” темасында иш-чара уюштурулду.

Белгилей кетсек, бул жылы жаштардын катышуусу менен виртуалдык форматта жана БУУнун штаб-квартирасында БУУга мүчө мамлекеттердин жана кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн жеке катышуусу менен эки иш-чара уюштурулду.

Онлайн иш-чарада КР Өкмөтүнүн атынан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Эсенгул уулу Чыңгыз катышып, социалдык адилеттүүлүккө жетүүдө министрликтин жаштарды тартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди. Жаштардын өкүлдөрү өз сөзүндө өсүп келе жаткан муундун ролун жана алардын санариптик демилгелерге катышуусуна дем берүү зарылдыгын белгилешти.

БУУнун аянтчасында уюштурулган иш-чарада Колумбиянын Каржы министри Хосе Антонио Окампо Гавириа мырза негизги баяндамачы катары, БУУнун Башкы катчысынын орун басары А.Мохаммед, Эл аралык эмгек уюмунун Башкы директору Г.Хунбо жана Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү А.Касымалиева сөз сүйлөштү. Иш-чаранын интерактивдүү бөлүгүндө эксперттер социалдык адилеттүүлүктү бекемдөө боюнча кызматташуунун көйгөйлүү жана келечектеги багыттарын талкуулашты.

Өз сөзүндө А. Касымалиева социалдык адилеттүүлүк бул коомдо, ошондой эле мамлекеттер ортосунда тынчтыкка жана бакубат жашоого жетишүү үчүн бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн негизги принциби экенин баса белгиледи. Ал белгилегендей, дал ушул себептен Кыргызстан демилге көтөрүп, өнөктөштөрдүн кеңири колдоосу менен 20-февраль күнүн Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү катары БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитүүгө жетишкен. Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү менен социалдык адилеттүүлүктүн байланышын талкуулоонун жүрүшүндө А.Касымалиева Президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызына төлөнө турган каражаттарды биргелешип жашыл долбоорлорду колдоого жумшоо тууралуу демилгесин баса белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында анын катышуучулары болгон мүмкүнчүлүктөрдү ачуу аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетүү үчүн БУУга мүчө мамлекеттер менен бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы жигердүү кызматташууну мындан ары жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK