КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын КРдеги Туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди Кыргызстандагы миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

2023-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди Кыргызстандагы миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Министр Ж.Кулубаев Л.Чемберлен Туруктуу өкүл катары Кыргыз Республикасынын БУУӨП менен өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө салым кошконун, туруктуу өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, демократиялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, климаттын өзгөрүшүнө көнүү ж.б. маселелер боюнча конструктивдүү кызматташууну камсыз кылганын белгиледи. Министр БУУӨПкө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, өзгөчө COVID-19 пандемиясында жана 2020-жылдын октябрындагы саясий кризистен кийин, ошондой эле каргашалуу Баткен окуяларында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Туруктуу өкүл Л.Чемберлен Кыргызстандагы миссиясын кыскача жыйынтыктап, анын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, мамлекеттик органдарга жана өлкөнүн калкына, өзгөчө ар кандай чакырыктар жана көйгөйлөрдүн татаал мезгилинде колдоо көрсөтүүгө багытталганын белгиледи. Л.Чемберлен Кыргызстандагы бардык өнөктөштөргө, өзгөчө КР Тышкы иштер министрлигине БУУӨПтүн өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Министр Ж.Кулубаев өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK