Бурса шаарында “Манас жумалыгы” иш-чарасынын салтанаттуу ачылышы өттү

Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылынын маданий борбору Бурса шаарында ТҮРКСОЙ тарабынан Бурса шаарынын мэриясы жана Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги менен биргеликте уюштурулган “Манас жумалыгы” иш-чарасы өтүүдө.

Иш-чаранын алкагында манасчы Рыспай Исаков Кыргызстан, Түркия жана Казакстандан келген башка манасчылардын колдоосу менен улуттук “Манас” эпосун жети күн бою үзгүлтүксүз айтат. 

2022-жылдын 21-сентябрында иш чаранын ачылыш аземине Түркиянын Президентинин Улук кеңешчиси Ялчын Топчу, Кыргыз Республикасынын Элчиси Кубанычбек Омуралиев, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Бурса шаарынын Мэри Алинур Акташ жана башкалар катышып, сөз сүйлөшүп, каалоо тилектерин билдиришти. 

Ачылыш Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү манасчылардын “Манас” эпосунан үзүндү аткаруусу жана элдик бий топторунун өнөрлөрү менен уланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK