Корея Республикасынын жаңы шайланган Президенти Юн Сок Ёлдун катышуусунда Корея Республикасынын Президентинин алдыдагы инаугурациясынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк маданият ассоциациясы комитети тарабынан уюштурулган салтанаттуу маарекеси болуп өттү

2022-жылдын 9-майында Корея Республикасынын жаңы шайланган Президенти Юн Сок Ёлдун катышуусунда Корея Республикасынын Президентинин алдыдагы инаугурациясынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк маданият ассоциациясы комитети тарабынан уюштурулган салтанаттуу маарекеси болуп өттү.

Аталган мааракеге Корея Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жетекчилери, атап айтканда Кыргызстандын, Улуу Британиянын, Канаданын, Филиппиндердин, Индонезиянын, Катардын, Нигериянын, Пакистандын, Египеттин, Омандын элчилери, кореянын жана чет элдик ири бизнестин, ошондой эле түрдүү фондтордун жана маданият тармагынын өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын элчиси Аида Исмаилова кореянын жана чет элдик ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле саясий жана маданият ишмерлери менен байланыш түзүп, кыскача сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK