Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын жаңы шайланган Президенти Юн Сок Ёлдун инаугурация аземине катышты

2022-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын жаңы шайланган Президенти Юн Сок Ёлдун инаугурация аземине катышты.

Инаугурация аземи Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын (парламентинин) алдындагы аянтта “Корея Республикасы кайрадан! Жарандардын жаңы өлкөсү!” урааны астында өттү.

Иш-чарага 41-миңге жакын адам катышты, алардын ичинде Корея Республикасынын экс-президенттери Мун Чжэ Ин менен Пак Кын Хе, Кореядан жана чет өлкөлөрдөн келген ардактуу коноктор, Улуттук ассамблеянын жана өкмөттүн мүчөлөрү, Сеулда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, түштүк кореялык ири компаниялардын жетекчилери, коомдук, саясий жана маданий ишмерлер, ошондой эле атайын чакыруу алган карапайым жарандар.

Инаугурация аземинен кийин ардактуу коноктор жана дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери үчүн расмий кабыл алуу мааракеси уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK