Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Караман шаарында болгон Экинчи Кыргыз-Түрк бизнести өнүктүрүү боюнча форумуна катышты

2020-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бюджет жана каржы комитетинин Төрагасы Эмил Токтошев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым Укуктуу Ѳкүлү Алтынбек Намазалиев жана Кыргызстандын ишкердик коомдорунун өкүлдөрү Караман шаарында болгон Экинчи Кыргыз-Түрк бизнести өнүктүрүү боюнча форумуна катышып, сөз сүйлөштү.

Элчи К.Омуралиев КРнын инвестициялык жана туристтик потенциалы жөнүндө, тагыраак айтканда экономиканын приоритеттүү секторлору, салыктардын негизги түрлөрү, ЕАЭБге, Европа Биримдигине жана АКШга буюмдарды экспорттоодогу преференциялык режимдер, бизнес ачуу үчүн убакыт, КРнын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү жана башкалар тууралуу презентация сунуштады. Ошондой эле өлкө тууралуу кыскача видеотасма көрсөтүлдү.

Депутат Э.Токтошев кыргыз жана түрк элдеринин бир тилин, тарыхын жана динин белгиледи. Ал Кыргызстанда инвесторлор үчүн мыйзамдык шарттар түзүлүп жатканын айтып, ү.ж. январь айында КРнын Жогорку Кеңеши 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюулган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялаганын белгиледи.

КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым Укуктуу Ѳкүлү А.Намазалиев Чүй облусу тууралуу, ошондой эле анын инвестициялык потенциалы жана экономикасынын негизги секторлору тууралуу презентация сунуштады. Ал түрк бизнесмендерине айыл чарба, тамак, кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр-жайына ж.б. инвестициялоону сунуштады. Инвестициялык долбоорлор боюнча керектүү маалымат жана инвесторлорго жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

Иш-чарага 95 ашык ишкер, анын алкагында Кыргызстандан 18 компаниянын жана «Бишкек» Эркин экономикалык зонасынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын парламенттеринин депутаттары, ишкердик уюмдардын жана жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү катышышты. Кайра иштетип чыгуу, туризм, курулуш, энергетика тармактарындагы жана башка секторлордогу кыргыз компаниялары өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана продукциясы тууралуу презентация сунуштап, түрк ишкерлери менен В2В жолугушууларды өткөзүштү жана алардын жүрүшүндө айкын макулдашууларга жетишишти. Түрк компаниялары айыл-чарба продукцияларын жана керамиканы кайра иштетип чыгаруу, аяк кийимди жасоо, энергетика тармагында тажрыйба алмашууга ж.б. кызыкдардыгын билдирди.

Түрк тарабынан иш-чарада Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары Режеп Шекер жана Селман Огузхан Эсер, Караман провинциясынын губернатору Фахри Мерал, Караман Өнөр-жай палатасынын Төрагасы Мустафа Гокхан Алкан, Көз карандысыз өнөр-жай ээлеринин жана бизнесмендердин коомунун (MÜSİAD) өкүлү Ибрахим Ташбаш, ошондой эле жеңил жана кайра иштетип чыгаруу өнөр-жайындагы, айыл-чарбадагы, энергетика ж.б. тармактардагы түрк компанияларынын жетекчилери катышышты. Түрк бизнесмендери өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана продукциялары тууралуу презентация сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK