Кыргызстандын Франциядагы Элчиси Садык Шер-Нияздын Франциянын эң ири EDF энергетикалык компаниясынын КМШ өлкөлөрү жана Россия боюнча Өкүлчүлүгүнүн Жетекчиси Лоран Паганон менен жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 24-мартында Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын эң ири EDF энергетикалык компаниясынын КМШ өлкөлөрү жана Россия боюнча Өкүлчүлүгүнүн Жетекчиси Лоран Паганон менен жолугушту.

Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен туруктуу байланышты сактоонун алкагында жана өлкөнүн энергетика тармагына түз чет элдик инвестицияларды тартуу максатында өттү.

Жолугушууда Элчи Садык Шер-Нияз глобалдык жылуулукка байланыштуу дүйнөдө болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасы экологиялык жактан таза энергия булактарына өтүү саясатынын алкагында жаңы ГЭСтерди куруу боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде ар биринин кубаттуулугу 1800 МВт болгон Камбар-Ата-1 жана Чаткал ГЭСтерин куруу пландаштырылууда.

Буга байланыштуу КР Элчиси бул стратегиялык маанидеги объектилердин курулушуна эң ири «EDF» энергетикалык компаниясынын кызыгуусуна канааттануусун билдирип, Кыргызстан француз компанияларынын инвестициялык активдүүлүгүн кубаттай турганын белгиледи. Кыргыз Республикасы да өлкөнүн улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн Франциядан алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга кызыкдар.

Бул үчүн өлкөбүздө жагымдуу инвестициялык климат түзүлдү жана зарыл болгон учурда өлкө энергетика тармагына мүнөздүү кошумча шарттарды түзүүгө даяр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK