Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов ТТМККнын маалымат жана коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндөгү министрлердин формалдуу эмес жолугушуусуна катышты

Үстүбүздѳгү жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин маалымат жана коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндөгү министрлердин формалдуу эмес жолугушуусуна катышты. Аталган иш-чара Будапешт шаарында Венгриянын Ѳкмѳтүнүн жана ТМККнын Секретариатынын демилгеси менен Бүткүл дүйнѳлүк «ITU Telecom World» иш-чарасынын алкагында уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндѳ Элчи Б.Джусупов Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жыл – Аймактарды ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылы» тууралуу Жарлыгынын ишке ашыруудагы пландарында кѳрсѳтүлгѳн, ошондой эле Ѳкмѳттүн «Ишеним. Биримдик жана Жаратуу» программасында, Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдардагы Улуттук стратегиясынын туруктуу ѳнүгүүсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн санарип технологиялык ѳнүгүүсүнүн жетишкендиктери жана ѳлкѳнү санариптештирүү тууралуу, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан иштелип чыккан чаралар жѳнүндѳ маалымат берди.

Тараптар Түрк кеңешинин алкагында санариптештирүү тармагында кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK