Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевдин Япониянын Жугуштуу оорулар улуттук институтунун Башкы директору Такажи Вакита мырза менен жолугушуусу болуп өттү

2020-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевдин Япониянын Жугуштуу оорулар улуттук институтунун Башкы директору Такажи Вакита мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы директор коронавирус (COVID-2019) боюнча Япониядагы учурдагы кырдаал жана анын жайылышына бөгөт коюу чаралары тууралуу толук маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен аталган институттун ортосунда жумушчу байланыштар түзүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча япон тарабы коронавирусту аныктоочу 2000 тест-системаларын Кыргызстанга акысыз түрдө өткөрүп берди. Тест-системалар 2020-жылдын 17-март күнү Кыргызстанга жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK