Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарында расмий кабыл алууга катышты

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарында Сауд Арабиянын Падышасы Улуу Даражалуу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун атынан уюштурулган расмий кабыл алууга катышты.

Бул жогорку деңгээлдеги иш-чара чет мамлекеттердин жетекчилеринин жана жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн, дипломатиялык миссиялардын башчыларынын, белгилүү ислам ишмерлеринин жана илимпоздорунун, ошондой эле ажылык сапарын уюштуруу боюнча делегация башчыларынын катышуусунда өттү.

Кабыл алуунун жүрүшүндө Элчи У.Марипов Сауд Арабиянын Мураскер Ханзаадасы жана Премьер-министри Улуу Даражалуу Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушуп, Сауд Арабиянын жетекчилигин жана элин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан Курман айт майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, республиканын жетекчилигинин атынан ажылыктын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи У.Марипов Меккеге болгон иш сапарынын алкагында кыргызстандык зыяратчылар жана ажылык сапарын уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп, аларга түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Жолугушууда кыргызстандык зыяратчылар Кыргыз Республикасынын жетекчилигине жана ажылык сапарды уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Маалымат үчүн: 2023-жылы Сауд Арабияга Кыргыз Республикасынан ажылык сапарына 6 миңден ашык зыяратчы келди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK